«Матраимовдордун тиешеси жок экен». Алайлыктар алгачкы кайрылуусунан баш тартышты

Алай районунун аксакалдары президентке кайрадан видеокайрылуу жасашты. Бул жолку кайрылуусунда тургундар алардын айылдашы, спортчу Төлөгөн Рахманберди уулуна байланышкан иште Матараимовдордун тиешеси жоктугун түшүнүшкөнүн айтышкан.

Мындай билдирүүнү алар менен президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев жолугушкандан кийин таратышты.

«Биз [...] бул жерде Матраимовдордун тиешеси деле жок экен. Биз түшүнбөстүк менен айткан сөздөр болуп кеткен экен. Ушул сиздин бизди баалап, атайын жибергенинизге рахмат чоң. Биз менен сүйлөшүп баарын түшүндүрдү. Баарын түшүндүк. Элдин атынан кечирим сурайбыз. [...] кыскасы алардын тиешеси такыр эле жок экен, биз ошону түшүнбөй эле сүйлөп койгон экенбиз», — деп билдиришкен алайлыктар.

Матраимовдорго байланыштуу үч кайрылуу

14-февралда спорттун эрежесиз уруш түрү боюнча мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу Матраимовдун үстүнөн арызданды. Ал видеого жаздырган кайрылуусунда «Ошто адамдар Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калганын» билдирген.

Андан кийин Алайдын Арпа-Тектир айылынын жашоочулары Жээнбековго видеокайрылуу жолдошкон. «Биз инибиз Рахманберди уулу Төлөгөнгө Ошто Райым Матраимовдун жандоочулары, Кылыч Саркарбаев, Нурбек Райымбеков, Мунар Матраимовдор тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканына кабатырланып жатабыз. Сооронбай Шарипович, ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз», — деп кайрылышкан президентке алайлыктар.

Ошол эле күнү президентке Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов да кайрылган. Ал агасы Эмилбек Райымбек Матраимов тараптан болуп аткан кысымдан улан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

Көп өтпөй ИИМ жана Ош ОИИБи видеокайрылуулар боюнча териштирүү башталганын кабарлаган. Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.