Ош, Каракол жана Токмоктогу жарандарды каттоо бөлүмүнүн башчылары кызматынан четтетилди

Мамлекеттик каттоо кызматы жергиликтүү кеңештерде өтүүчү шайлоого карата массалык түрдө адамдардын каттоого туруп баштаганына байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Иликтөө аяктаганга чейин Ош, Каракол жана Токмок шаарларынын Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн жетекчилери 18-февралдан тарта кызматынан убактылуу четтетилди.

Жетекчилердин иштен четтетүүсүнө эмне себеп болгон?

Ош жана башка шаарларда 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоого карата кээ бир талапкерлердин үгүттөөчүлөрү студенттерге акча сунуштап, паспортторун чогултуп, шаарга каттоого коюп баштаганы ачыкталган.

Статистикага ылайык, жыл башынан 11-февралга чейин Ош шаарында 33 805 жаран жаңыдан каттоого турган болсо, эки күндүн ичинде бул көрсөткүч 2 миңге өскөн — 35 895.

Ал эми Ош шаарында катталган 222 миң жарандын ичинен 139 117синин гана шайлоого укугу бар — башкача айтканда алар 18 жашка чыккан, биометрикалык маалымат тапшырган жана Ош шаарынын тургундары. Ал эми жаңы жылдан кийин жаңыдан каттоого турган 35 895 жарандар жалпы шайлоочулардын санын 25%га көтөргөн, аларды потенциалдуу шайлоочулар деп эсептесек болот.

Ал эми Токмок жана Каракол шаарында жаңы каттоого турган жарандар жалпы калктын санын 19 жана 8 пайызга жогорулаткан. Буларды да потенциалдуу шайлоочулар деп атасак болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шаарга тиешеси жок жарандар шайлай алышат. Түшүндүрөбүз

«Ушуну шайлайсыңар». Оштогу шайлоого карата студенттерди шаарга каттатуу аракети жүрүүдө

«1000 сом берет». Ошто шайлоого карата студенттерден паспорт чогултула баштады