Жалал-Абад прокуратурасы уулун мектепке жибербеген ата-энени сотко берди

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы 10 жаштагы баласын мектепке берүүдөн баш тарткан ата-энени сотко берди. Бул тууралуу 20-февралда Жалал-Абадда өткөн укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин отурумунда шаардын прокурору Арсланбек Мурзаев билдирди.

Баланын атасы «Йакын Инкар» диний агымынын мүчөсү болуп эсептелет. Ал эми өспүрүм мектепке барбай Ош облусунун Кара-Суу районунда карылырдан сабак алып, Куран жаттап жүргөн. Баланын апасы уулунун мектепке баруусуна каршы эместигин билдирген, бирок ошол эле учурда жолдошу уруксат бербегенин айткан.

«Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 27-беренесинде ата-энелер баланын окуусуна шарт түзүүгө милдеттүү экени көрсөтүлгөн. Бирок бул жоопкерчиликти алар эске алган эмес. Конституциянын талаптары жана жашы жете электер жөнүндө ченемдик-укуктук актылар бузулган. Ошондуктан ата-энени баласын мектепке берүүгө милдеттендириш үчүн сотко кайрылуудабыз. Анда да макулдук бербесе, анда мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деген Мурзаев «Азаттыкка» курган маегинде.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев баланы мектепке жибербеген ата-энеге Бузуулар кодексинин «Ата-энелик милдеттерден качуу» беренесинин негизинде айыппул салынышы мүмкүндүгүн билдирген.

«Йакын инкар» диний агымы дааватчылардын ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы сот аркылуу экстремисттик деп табылган. Милициянын маалыматына караганда Жалал-Абад облусунда бул агымдын 70тей жашайт.