Кыргызстан менен Тажикстандын 2020-жылга кызматташуу тууралуу планын бекитишти

Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери. Сүрөт: Өкмөттүн сайтынан алынды

Материал 25-февралда 13:53тө жаңыртылды

Кыргызстандын Баткен облусунда 22-февралда өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушту. Анда эки облустун 2020-жылга 33 пунктан турган кызматташуу планы кабыл алынды.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова «Клоопко» билдиргендей, тараптар социалдык экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана жаштар саясаты, үй-бүлө жана аялдар иштери, туризм, соода экономикалык байланыш, ынтымак достукту бекемдөө, өзгөчө кырдаалдар жаатында чогуу аракеттенүү боюнча макулдашышты.

Бир күн мурда, 21-февралда, Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын башчылары Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим жолугушкан.

Кыргыз өкмөтүнөн кабарлашкандай, делегация башчылары чек ара сызыктарын мындан ары чийүүнү активдештирүү боюнча пикир алмашышкан. Бирок Тажикстандын «Азия плюс» басылмасы өздүк булагына таянып өкмөт башчылар такталбаган аймакта талашка түшкөн 23 гектар жерди алмашуу тууралуу чечим кабыл алышканын жазып чыкты. Анда «узакка созулган эки мамлекеттин чек арага чектеш жерлердин талашуусуна чек коюлду деп айтса болот» деп маалымдалган.

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы Чыңгыз Эсенгул уулу «Клооптун» журналистине 23 гектар жерди алмашуу тууралуу чечим кабыл алынганын тастыктаган жок. Ошондой эле өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттык» басылмасына берген маегинде делегация башчыларынын жолугушуусунда жер алмашуу боюнча маселе талкууланбаганын айткан.

«Жер алмашуу маселеси — татаал. Бир күндө чечүү кыйынга турат. Жолугушууда бул маселе талкууланган жок», — деген Бөрүбаев.

Буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасына чектеш жайгашкан Баткен районуна караштуу Аксай айыл аймагынын Арык-Асты жана Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек тилкеси Тажикстан менен алмашылаарын билдирген. Бирок анын ордуна Кыргызстан коңшу өлкөдөн кайсы тилкени алаарын айткан эмес.

Ал эми «Азия Плюс» басылмасы Тажикстан алмашуу үчүн Чорку айылы менен Кыргызстандын Самаркандек айылынын ортосунда жайгашкан жер тилкесин жана эки өлкөнүн жарандары шахмат түрүндө жашаган Сомониён кыштагынын бир бөлүгүн сунуштаганын кабарлаган. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты расмий ырастай элек.