Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев камакта калтырылды

Баткен облусттук соту Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды — ал 14-апрелге чейин Ош шаарындагы ТИЗО-25те болот.

Бөрүбаевдин жактоочу Асылбек Куңгуровдун айтымында, алтын компаниянын жетекчиси Сергей Юрченко соттук отурумга келип, Бөрүбаевге эч кандай дооматы жоктугун айткан. Буга карабастан Баткен облусттук соту анын баш коргоо чарасыны өзгөртүүсүз калтырды.

«Аппеляциялык соттук отурумдун негизинде биз жактоочулары Сапарали Бөрүбаевдин бөгөт чарасын камакта эмес, үй камагына чыгарууну суранганбыз. Буга мыйзам жол берет. Анткени Бөрүбаевдин өздүк аныктоочу документтери, туруктуу жашаган жери жана жагы жете элек балдары бар», — деди Куңгуров.

Видео: «Турмуш» басылмасы

Бөрүбаев 14-февраль күнү «Ээнбаштык» беренеси менен шектелип камалган. Ага карата анын кесиптеши Нуридин Дүйшөбаев милицияга арыз менен кайрылып, Бөрүбаев аны «уят сөздөр менен тилдеп, бейбаштык кылып, денесине жараат келтиргенин» билдирген. Бирок эки күндөн кийин жабырлануучу тосмо арыз жазып, «Бөрүбаевди кечиргенин» билдирген.

Көп өтпөй Лейлек РИИБи Бөрүбаевди 2012-жылы Катраң айыл өкмөтүндөгү Алмалуу тоосунда жайгашкан «Апрельская» алтын кениндеги «Алаурум» компаниясына карата жасалган кылмыштарга шектелип жатканын кабарлаган. Бөрүбаев «Массалык башаламандык», «Тоноо» жана «Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Сапарали Бөрүбаев Баткен районунун Катраң айылдык кеңешинин жана «Чек ара» коомдук бирикменин төрагасы. Аталган бирикме ушул жылдын январдын ортолорунда Бишкекте эки жолу чек ара маселесине байланыштуу митинг уюштурган. Алардын талаптарынын бири Баткендеги чек ара жаңжалында кармалган төрт тургунду бошотуу жана ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетирүү болгон.

Ал эми өткөн жылдын 14-сентябрында Бөрүбаев фейсбук аркылуу түз эфирде тажик тарап кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинде курулуш баштаганын билдирген. Андан тышкары, чек ара маселеси чечилбесе Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклав болуп калышы мүмкүндүгүн айтып чыккан. Бул сөздөрдөн кийин Бөрүбаев Ички иштер министрлигинде 8 саат сурак берген.

Үстүбүздөгү жылдын февралынын аягында активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдында Бөрүбаевди бошотуу талабы менен пикетке чыккан. Ал Бөрүбаевдин туугандарына таянып камакта кыйноого кабылып жатканын айткан.