Матраимовдор vs ЖМК: Бишкек шаардык соту процессти башка сотко өткөрүүдөн баш тартты

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 12-мартта «Клооп» менен «Азаттыктын» адвокаттарынын процессти Ленин райсотуна өткөрүү суранычын канааттандырган жок.

ЖМКлардын жактоочулары шаардык соттун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко даттанышаарын билдиришти.

Буга чейин Райымбек Матраимовдун ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо ишине байланыштуу басылмалардын кызыкчылыктарын коргоп аткан адвокаттар сот отурумун Свердлов райсотунан Ленин райсотуна өткөрүүнү суранышкан, себеп дегенде Матраимовдор бул районго караштуу жалгыз жоопкер эсептелген 24.kg маалымат агенттигине койгон доосунан баш тарткан.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Татьяна Карыжинская сотто 24.kg басылмасынын сотточулугу дагы деле «шек саноого жатпай» деп билдирди.

«Ооба, 24.kg [аларда] далилдердин жоктугу тууралуу жазышты. Ошол эле учурда алар бул маалыматтар чындыкка дал келбейт деп жазышкан жок. [...] Биз “Коррупциялык схемалар Матраимовдордун кланына алып келет” аталышындагы маалыматтар сот тарабынан жараксыз деп табылышын талап кылабыз», — деп айтты Карыжинская.

Азыркы учурда процесс ошол эле Свердлов райсотунда уланмакчы. Себеп дегенде Бишкек шаардык соту жоопкерлердин жактоочуларынын судьяны алмаштыруу өтүнмөсүн канааттандырбай койгон, ишти судья Жылдыз Ибраимова кароону улантат.

Буга чейин Ибраимова үч басылманын тең банктык эсептерин камакка алуу тууралуу аныктаманы чыгарып, андан кийин кайра чакыртып алган.