«Ортого агамды салышты». Аксыда cабалган окуучунун апасы тосмо арыз жазганынын себебин түшүндүрдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №5 Асанбек Кабаев атындагы орто мектептин 9-класстын окуучусу февралдын башында алты классташ балдары тарабынан сабалган.

Жабырлануучунун апасы уулу ооруканада он күн дарыланып чыгып окуусун мектепте улантып жатканын «Клоопко» билдирди. Ошондой эле ал трамватолог анын колуна баласынын диагнозу жазылган кагаздын көчүрмөсүн бербей койгонуна нааразы болду.

«Ден соолугу азыр абдан жакшы деп айта албайм. Эмне деген диагноз коюлганын да билбейм, анткени ооруканадан менин колума көчүрмө жана рентген кагазын беришкен жок. “Балаң жакшы” деп эле чыгарып коюшту. Чыгаарда урган баланын атасы врач менен кабинетке кирип кеткен, анан мен артынан бардым. Шайырбек деген травматолог врач мага “мына баары компьютерге түштү, баары жакшы, аркы бөлмөдөн мектепте окууну уланта алат деген тастыктама алып ал” деп эле койгон», — деди жабырлануучунун апасы.

Сабалган окуучунун апасы тосмо арыз жазганын тастыктады. Анын айтымында, тосмо арызды бир тууган агасынын сөзүнө каршы чыга албагандыктан жазган.

«Баламды урган окуучулардын ата-энелерин өзүмө такыр жолотпой, сүйлөшпөй койгом. Анан ортого агамды салышты. Бир айылда жашайбыз, карасам бирөө аяшымдын баласы, бирөө аяш агамдын баласы, кыскасы кайра эле өзүмө караштуу», — деп кошумчалады эне.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жабырлануучу Кербен шаарындагы аймактык ооруканада 7-февралдан 15-февралга чейин дарыланганын билдиришти. Бирок министрликтен «ооруканадан диагноздун көчүрмөсү берилбеди» деген маалыматты төгүндөштү. Ага жабык баш-сөөк жаракаты жана баш мээнин чайкалуусу деген диагноз коюлган дешти басма сөз кызматтан.

Аксы райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан окуя «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун апасы эч кимге доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз жазып берген. Бирок тосмо арыз канааттандырылуудан баш тартылып, иш соттун кароосуна жиберилүү алдында турат.

Ал эми окуучунун сабалышына байланыштуу аталган мектептин директору Кененбай Шабданов жана социалдык педагогу жумушунан алынган.