ЖМК: Ошто кичи ажылыктан келген бир нече адам коронавируска шектелүүдө

Ош шаарындагы облустук ооруканага бир нече адам коронавирус илдетине шектелип жаткырылды. Бейтаптар 17-мартта Кара-Суу районунан обочого алынып келинген. Бул тууралуу «Кактус Медиа» басылмасына аталган оорукананын башкы дарыгери Талант Арстанкулов маалымдады.

«Алардан анализ алынды. Анын жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деп айткан башкы дарыгер басылмага.

Республикалык штабдын 18-мартта өткөн жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Сауд Арабиядан келген 3 кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын билдирген. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканада обочого алынып дарыланууда.

Коронавирус аныкталган жарандар 62, 50 жана 48 жашта. Үч кыргызстандык менен бир учакта 135 адам учуп келген. Алардын 90у обсерваторияга жаткырылды. Мындан тышкары, алар менен Сузакта байланышта болгон адамдардын тизмеси такталууда. Районго өзгөчө кырдаал киргизилип, оору катталган Орто-Азия жана Благовещенка айылдарында карантин жарыяланды.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тургундарды коопсуздук чараларын жана адистер тарабына берилген эрежелерди сактоого чакырат.