Шайлоо күнүн жылдыруу маселеси оорунун жайылышына карата кабыл алынат

Жогорку Кеңештин 19-мартта өткөн отурумунда депутат Канат Исаев жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнүн жылдырууну сунуштады. Анын айтымында, 10-15 киши кирген компьютердик клуб жабылганы менен ошол эле учурда миңдеген адам катышчу шайлоо өткөнү жатат.

«Азыр үгүттөөчүлөр жок дегенде 30-50 үй кыдырып жүрүшөт. Үгүт иштери жүргүзүлүп, элдер чогулуп жатышат. Моюнга алыш керек: акча таркатылып жатат, үгүт материалдар таркатылып жатат. Ал боюнча дагы мына оору жугат деп кесипкөйлөр айтып жатышат. [...] Анан кийин [шайлоо күнү шайлоочулар] манжаларын баары бир аппаратка басышат, бир калем сапты кармайт», — деди Исаев.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошол эле отурумда жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнүн башка убакытка жылдыруу маселесине байланыштуу чечим бир аптадан кийин кабыл алынаарын айтты.

«Кечээ президентибиз баш болуп төрага жана фракция лидерлери менен 1,5 сааттай сүйлөштүк. Эл каттоону жылдыралы, бала бакчаларды убактылуу жабалы дедик. Ал эми шайлоо маселеси бир жуманын ичинде [оорунун] жайылышы кандай болот, ошого жараша кабыл алган туура го. Президентибиз да ошентип айтты. Фракция лидерлери да колдоду» — деди премьер-министр.

Буга чейин БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамга таянып, шайлоо апрель же октябрь айынын экинчи жекшембисинде өтүүсү зарыл экенин маалымдаган. Ошондой эле ал республикалык штабдын чечими же өкмөттүн токтому бул мыйзамдын нормасын өзгөртө албай турганын айтып, бирок бул маселе талкууланып жатканын кошумчалаган.

18-мартта Сауд Арабиядан келген 3 кыргызстандыкта коронавирус аныкталган. Алар Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Благовещенск айылынын тургундары. Ошол эле күнү Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев аймакта өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялаган. Ал эми Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов ооруну жуктуруп алгандар миңден ашуун адамдар менен контакт түзгөн болушу мүмкүндүгүн айткан.