Алтынай Өмүрбекова: Коронавирус жуктургандар Кувейттен Ошко учак менен келишкен

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин Коалициялык көпчүлүк жыйынында коронавирус катталган Ноокат районунун тургундары кичи ажылыктан келишкенин тастыктады.

« Үч жарандан такталды, үчөө тең айым. Булар Кувейттен Ошко учак менен келген. Булар эки айылдан, эки рейс менен келишкен. Алар дагы кичи ажылыктан келгендер. Бардык чаралар көрүлүп жатышат. Ооруканада жатышат. Бардык керектүү дары-дармек менен камсыз болушкан», — деп түшүндүрдү ал.

Бүгүн эртең менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунун үч тургунунда коронавирус катталганын айтты. Ошондой эле алар менен чогуу учуп келгендердин аты-жөнү такталып жаткандыгын кошумчалады.

Ноокат районуна 20-мартта саат 10:00до өзгөчө кырдаал киргизилди жазды. Ал эми оору жуктургандар Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл өкмөтүнүн тургундары экени айтылды.

Ушуну менен Кыргызстанда 6 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургунунда аталган оору табылган — алар да Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан учуп келишкен.