Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бүгүн 21-мартта Кыргызстанда коронавирустун жаңы 6 учуру катталды — алардын бешөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, бирөө Баткен районунда.

Буга байланыштуу Баткен районунун акими Каланбек Маркаев Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Аталган айылдарга блок-посттор коюла башталды.

Өзгөчө кырдаалга ылайык, эл көп чогулган объектердин ишмердүүлүгү токтотулат жана бардык транспорттордун айыл аймактардын аймагына кирүүсүнө жана аймактан чыгуусуна чектөө киргизилет. Ошондой эле коомдук тартиптин сакталышы көзөмөлгө алынат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан Баткен шаарындагы 21-марттан тарта ири базарлар жабылаарын билдиришти.

Кыргыз өкмөтү буга чейин Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал киргизген. Учурда Кыргызстанда коронавирустун жалпы 12 учуру катталды — алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда жана бирөө Баткен районунда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция