Жалал-Абадга коронавирусту аныктоочу автолаборатория алынып келинди

Коронавирусту аныктоочу мобилдик лаборатория. Сүрөт: Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы

Жалал-Абад шаарына 21-мартта коронавирусту аныктоочу мобилдик лаборатория алынып келди. Автолабораториядан күнүнө 100гө жакын адамдын анализин текшерүүгө болот.

Лаборатория Жалал-Абад облусттук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жайгаштырылды. Аны менен кошо облуска атайын даярдыктан өткөн адистер келишкен. Мындан тышкары Бишкек шаарынан да адистер кошумча тартылууда.

Республикалык штабдын 22-март эртең менен тараткан маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 14 адамды түзөт. Алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында.

Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилди. Ага ылайык, өлкө боюнча коомдук транспорттордун иши токтотулду. Аймактардагы ири базарлар убактылуу жабылды. Өлкөдө азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканалар гана кадимки тартипте иштеп жатат. Ошондой эле коомдук тартиптин сакталышы укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынууда.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев аймакка 59 блок-пост коюлуп, 181 кызматкер үч нөөмөт менен иштеп жаткандыгын маалымдады. Милиционерлер облустун аймагында транспорт каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөшүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция