Жалал-Абад облусунда 59 санитардык-карантиндик пост коюлду

Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Кылычбек Жолдошевдин маалыматына ылайык, облус боюнча 59 жерге санитардык-карантиндик пост коюлду. Блок-постторго жалпысынан 181 укук коргоо кызматкери тартылган.

Милиция кызматкерлери аймакка кирип-чыккан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үйдөн чыкпоону эскертип жатышат.

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, аймакта азык-түлүк тартыштыгы жок.

Кыргызстанда жалпысынан 14 адамда коронавирус аныкталган — алардын сегизи Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, үчөө Ош облусунун Ноокат районунун, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарынын тургундары. Коопсуздук кеңештин сунушу менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-мартта өлкөгө өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция