Коронавирусту жуктурган алты адам жандандыруу бөлүмүнө которулду

Кыргызстанда 26-марттын таң эртесине карата коронавирус жуктургандар катталган жок. Бирок буга чейинки оору аныкталган 44 жарандын алтоосу реанимация бөлүмүнө которулду, ал эми 10 адамдын абалы «орточо оор» деп бааланууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымдады.

«Лабораториялык изилдөөлөр 5-февралдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 2940 адамда жүргүзүлүп 44 жаранда коронавирус тастыкталган. [...] Стационарда жайгашкандардын 122си канааттандырарлык абалда, 10 адам орточо оор, ал эми алтоо оор абалда — алар реанимация бөлүмүнө которулду. Алардын жаш курагы 30дан 70 жашка чейин. Ал эми 34 адам канаатандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды», — деди Акматова.

Буга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө бир киши жаткырылган. Анын оң тарабында пневмания пайда болгону айтылган.

Коронавирусту жуктуруп алган адамдар менен 1328 адам байланыш түзгөн — алардын 363ү үй-бүлө мүчөлөрү. Ал эми кече вирус жуктурган катталган эки жарандын бирөөсүндө 5, экинчисинде 6 карым-катнаш болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция