Ошто коменданттык саатты бузган сегиз кишиге 3 миң сомдон айыппул салынды

Коменданттык саат. Сүрөт: Республикалык штаб

Ош облусу боюнча 26-мартка караган түнү конмменданттык саатты бузган 91 жаран кармалды. Анын ичинен сегиз адамга 3 миң сомдон айыппул салынып, калгандарына эскертүү берилди.

Облус боюнча комендант Малик Нурдиновдун айтымында, кармалгандар комменданттык саат бүткөндө үйлөрүнө коё берилди. Ошондой эле ал тургундарга кайрылып, бул кырдаал жөнгө салынганга чейин түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

«Бири-бирибиз менен азыраак карым-катнашта болуш керек болуп жатат. Бул процесстер аяктагандан кийин бири-бирибизге каттай беребиз, баары ордуна келет. Адамдардын бири-бири менен байланышын азайтканда гана коронавирустун жайылып кетишине бөгөт коюлат», — деп түшүндүрдү Нурдинов.

Ал эми Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» билдиргендей, тартип бузгандардын 55и Кара-Суу районунун, 11и Ноокат районунун жана 25и Ош шаарынын тургундары. Мындан тышкары 3 автоунаанын айдоочусу да кармалган.

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланды. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Аталган убакыт аралыгында жарандардын көчөдө жүрүшүнө жана транспорттун кыйымылына тыюу салынат.

Ал эми жарандар саат 07:00дөн 20:00гө чейинки убакытта бир гана азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага же медициналык мекемелерге бара алат — ал үчүн жарандардын жанында өздүгүн аныктаган күбөлүк жана толтурулган маршруттук анкета болушу керек.