Ош шаарындагы ооруканалар башка аймактын тургундарын кабыл алууну улантат

Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 30-мартта билдиргендей, калаадагы ооруканаларга айыл жергесинин тургундары кайрылса болот. Ал үчүн алардын жанында паспорту жана аймактык ооруканадан берилген жолдомо кагазы болушу керек.

«Айыл жергесинен Ош шаарынын ооруканасына кайрылууну каалаган жарандардын жанында паспорту жана жашаган аймагындагы ооруканадан жолдомо кагазы болсо, санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтө алышат. Биз ооруп жаткан адамдарга жардам берүүгө милдеттүүбүз», — деди Нурдинов.

Кыргызстандын айрым аймактарында коронавируска байланыштуу 25-марттан тарта 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Алардын ичинде — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, ошондой эле өзгөчө абал Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондору бар.

Ал эми өлкөдө коронавирустун 84 учуру катталды. Алардын 39у Жалал-Абад облусунда, 33ү Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда, сегизөө (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган) Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда жана бирөө Нарын шаарында катталды.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция