Депутат Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалды

Аида Исмаилова

Депутат Аида Исмаилова 1-апрелде вице-премьер-министр кызматынан бошотулган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди. Ал эми ошол эле күнү саламаттык сактоо министри болуп Сабиржан Абдикаримов дайындалды.

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Космосбек Чолпонбаев менен Өмүрбекованын ишмердүүлүгүн сындаган. Негизинен өлкө башчы министрликтин коронавирустун алдын алуу боюнча иш-аракеттерин канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Коопсуздук кеңеш аткаминерлерди ээлеген кызматтарынан бошотууну сунуштаган. Жээнбеков сунушту колдоду.

Сабиржан Абдикаримов

Жаңы вице-премьер-министр Аида Исмаилова 2015 жылы «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ошондой эле ал Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча парламенттик комитетинин мүчөсү. Саясатка келгенге чейин Исмаилова ар кандай кореялык компаниялар менен иштешип, корей тили мугалими жана котормочусу болгон.

Ал эми жаңы Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бул кызматта буга чейин Убактылуу өкмөттүн учурунда иштеп кеткен. Жаңыдан министр болуп дайындалганга чейин Абдикаримов башкы санитардык дарыгер жана министрликтин алдындагы санитардык көзөмөлдүн башчысы болуп турган.