Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 адам көз жумду — баары Оштун тургундары

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Ош облусунда коронавирустан улам эки адам көз жумду. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны төрт адамга жетти.

Буга чейин Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында 61 жана 80 жаштагы эки бейтап каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинен алардын бирөөсүндө кант диабети, ал эми экинчи бейтапта «инфаркт көрсөткүчү» бар болгон деп билдиришкен.

Кыргызстанда 6-апрелге карата коронавирустун 69 жаңы учуру катталды, жалпысынан өпкө илдетине 216 адам чалдыкты — алардын 9у медкызматкер. Ал эми айыккандардын саны 10 адамга жетти — алар ооруканадан үйлөрүнө чыгарылган.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция