Коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге кенемте төлөнүп берилет — ССМ

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 7-апрелде коронавирусту жуктуруп алган 228 адамдын арасында 19 медкызматкер бардыгын маалымдады. Министрдин айтымында, өпкө оорусуна чалдыккан медкызматкерлерге кенетме төлөө боюнча маселе каралып жатат.

«Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт — бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат», — деди Абдикаримов.

Коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин жетөөсү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан, сегизи Ош облусунан жана бир арыгер Бишкектен. Ал эми коронавирусту жуктурган калган үч медкызматкер кайсы аймактан экени азырынча белгисиз.

Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттык сактоо министрине Ала-Букадагы жети медкызматкер кантип коронавирус жуктуруп алганын аныктоону тапшырган.