Пакистанда коронавирус жуктуруп алган кыргызстандык каза болду

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Пакистанда 6-апрель күнү Кыргызстандын 73 жаштагы жараны каза тапты. Маалыматка ылайык, маркум «жүрөгү кармап» кайтыш болгон.

«Ал карантиндик зонада экинчи анализдин жыйынтыгын күтүп жаткан. Алгачкы тесттин жыйынтыгы коронавирусту аныктаган. Экинчи ирет тест тапшыра албай калды», — деп билдиришти министрликтен.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Пакистанда 7 кыргызстандык коронавируска чалдыккан. Алардын көпчүлүгү ал жакта даават кылып жүрүшкөн.

Ал эми «Азаттык» Пакистандагы жергиликтүү ЖМКларга таянып, маркум «Таблиги Жамаат» диний уюмунун мүчөсү болгондугун жазган. Бул уюм айрым өлкөлөрдө мыйзамсыз деп табылган, бирок Кыргызстанда анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган эмес.