Ошто 14-апрелге карата коменданттык сааттын тартибин бузгандар болгон жок

Сүрөт: Ош ШИИБ

Ошто 14-апрелге караган түнү коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган жок. Бул тууралуу Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов брифингде билдирди.

Кыргызстанда 25-марттан тартып 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланды. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Аталган убакыт аралыгында жарандардын көчөдө жүрүшүнө жана транспорттун кыйымылына тыюу салынган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде өзгөчө абал тартибин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Карантин буга чейин өзгөчө абал тартиби киргизилген бардык аймакта узартылат. Ошондой эле Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал жарыяланды.

14-апрелге карата Кыргызстанда короновирусту жуктургандардын саны 430 адамды түздү. Алардын ичинен өпкө илдетине чалдыккан 5 киши каза таап, 71 адам вирустан арылды. Вирусту жуктургандардын эӊ көбү Ош облусунда катталды — 187, эӊ азы Баткен облусунда катталды — 5.