Ош, Кара-Суу жана Ноокатта коменданттык саат кыскарат

Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарында жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда коменданттык саат 16-апрелден тарта эки саатка кыскартылат. Тиешелүү буйрукка аталган аймактардын коменданты Малик Нурдинов кол койду.

Буйрукка ылайык 16-30-апрелге чейин коменданттык саат кечки 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин киргизилет. Буга чейин тургундарга кечки сегизден эртең мененки жетиге чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган эле.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев борбор калаада да коменданттык саат кыскартылганын маалымдаган.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталган аймактарга 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Кийинчерээк өкмөттүн сунушу менен президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абал тартибин 30-апрелге чейин узартууга кол койду. Парламент бул чечимди колдоду.

Коменданттык сааттын тартибин бузган жарандарга 3 000 сом айыппул каралган. Ал эми юридикалык жактарга айыппулдун өлчөмү 13 000 сомду түзөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалда мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү