Нарында коронавирус жуктургандардын саны 45 адамга жетти

Нарын облусунда 16-апрелге карата коронавирустун жаңы 11 учуру катталды, оору жуктургандардын бирөө медкызматкер. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде маалымдады.

Ушуну менен Нарында вирус жуктуруп алгандардын саны 45 адамды түздү.

Нарын облусунда жуктуруу учурлары бир топ убакытка чейин беш адамдан ашпай турган, бирок 7-апрелден кийин ал жакта абал кескин өзгөргөн. 14-апрелге карата Нарын облусунда коронавирус жуктуруунун 34 учуру катталып, алардын ичинен 19 учур Ат-Башы районунда аныкталган.

Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Нарын шаарында өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Парламент аталган сунушту колдоду.

Буга чейин Нарын шаарынын тургуну үй-бүлөсү менен кошо коронавирус инфекциясынан дарылануудан баш тарткандыктан. Милиция ага карата санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.