Милиция Арашан айлындагы блокпостто орун алган ок атууну иликтеп жатат

Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, белгисиз 10 адам бир нече квадроцикл менен Чүй облусунун Арашан айылындагы блокпост аркылуу өтүп кетүүгө аракет кылган. Посттогу кезметчилер аларды өткөрбөгөндүктөн, алар старттык тапанча менен асманга бир нече ок чыгарышкан.

Милиция бул окуянын эки катышуучусуун өздүгүн тактады. Алардын бирөөсү жаңжал учурунда денесинен залал алып, ооруканага жаткырылган.

«Чырдын башка катышуучуларынын тек-жайы азырынча такталып жатат», — деп билдиришти Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан.

Бул факт КЖБРге катталып, «Ээнбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Айыл жана шаарларга кире бериште орнотулган блокпосттордо бир нече жолу жаңжалдар орун алган. Ош облусунун Кара-Суу районунда кезметчи блокпосттон бир кишини өткөрбөй койгондуктан, ал кезметчини сабап салган. Кийинчерээк милиция кызматкерлери кол салган адамды кармашкан.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарына 25-марттан 30-апрелге чейин ӨА режими киргизилген.

ӨА убагында коменданттык саат, аймакка кирип чыгуунун өзгөчө тартиби киргизилген. Ошондой эле жарандардын үй карантин эрежелерин сакташы дыкат байкоого алынып, анын ичинде массалык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

20-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус 568 адамда аныкталып, алардын ичинен жетөөсү каза тапты.