Коронавирус жылытуу сезонунун даярдыгына коркунуч туудурду — Улуттук энергохолдинг

Мамкомпаниянын башкармасынын төрагасы Айтмамат Назаров 20-апрелде өткөн жыйында коронавирустан улам чектөөлөр киргизилип, көптөгөн ишканалар менен компаниялар ишин токтоткондуктан, «керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү топтоонун кыскаруусу» күтүлүп атканын билдирди.

Анын айтымында, бул өз кезегинде оңдоп-түзөө жана алдыда турган жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерин өз убагында өткөрүүгө коркунуч туудурат.

Назаров энергетикалык компаниялар тез аранын ичинде түзүлгөн кырдаалга антикризистик жооп кайтаруу боюнча чараларды алдын ала көрүүсү керектигин белгиледи.

«Чыгымдарды максималдуу түрдө кайра карап чыгып, бүткүл энерготутумдун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн пландалган иштерди аткарууну улантуубуз керек. Өндүрүш ишмердүүлүгүнө байланышпаган бардык мамлекеттик сатып алуулар боюнча жол-жоболорду бир топ кийинки мөөнөткө жылдырууну сунуш кылабыз. Айлык акыларды, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөөлөр кечиктирүүсүз жүргүзүлсүн», — деди Назаров.

Ал аралыкта иштеп жаткан кызматкерлердин санын максималдуу көбөйтүүнү сунуштады.

Саламаттык сактоо министрлиги сутка ичинде өлкөдө COVID-19 жуктуруунун 22 жаңы учуру аныкталганын билдирди. Жалпысынан республикада 590 жуктуруу учуру катталды.

Стационардык дарыланууда 367 адам бар, алардын ичинен 5 адам реанимацияда.

Пандемия башталган учурдан бери өлкөдө COVID-19га чалдыккан жалпы 7 адам кайтыш болду. Ал эми ооруканадан инфекциядан айыгып чыккандардын саны 216 бейтапты түзөт.

Коронавирустун жайылышынан улам республиканын айрым аймактарында ӨА жана ӨК режимдери киргизилип, жашоо-турмушту камсыздоого тиешеси жок ишканалардан башка бизнес жана фирмалардын иштери токтотулган.