Милиция Орусиядан келип үй-бүлөсүнө коронавирус жугузган кишинин окуясын териштирип жатат

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош ШИИБнин басма сөз кызматы

Ош шаары жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча коменданты Малик Нурдинов 21-апрелдеги брифингде Ош шаарынын тургунуна карата «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди.

Нурдиновдун айтымында, аталган жаран Орусиядан апрелде келген. Кийинчерээк андан коронавирус аныкталган. «Келгенде өзү атайын [медициналык кароодон] өтпөй, үйүндө бала-бакырасы менен карым-катнашта боло берген», — деди комендант.

Комендатуранын басма сөз кызматы билдиргендей, коронавируска чалдыккан тургундун агасында жана атасында коронавирус аныкталды. Учурда алар ооруканада. Ошондой эле алар менен карым-катнашта болгон алты адам да обсервацияга алынды. Алардын анализдеринин жыйынтыгы күтүлүүдө.

«Ал жаран бир тууганы менен Казакстан, Өзбекстандан жүк ташуучу унаада келген. Өлкөгө келгенден кийин алардын обсервацияга алынып-алынбаганы такталууда», — деди комендатуранын басма сөз кызматынын кызматкери Замир Сыдыков.

Учурда укук коргоо органдары аталган жаран COVID-19 илдетин жакындарына кандайча жугузганын аныктап жатат.

Нурдинов ушуну менен 25-марттан тарта коронавируска чалдыкканын жашырган үч адамга карата сотко чейинки өндүрүш ачылганын кошумчалады. Алардын арасында 9 адамга аталган илдетти жуктурган Оштун тургуну да бар.

Мыйзамга 3-апрелде киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, «санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин бузуп, массалык оору жуктуруу же жуктуруу коркунучун жараткан жарандар» 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.

21-апрелге карата Кыргызстанда жалпысынан 590 жаранда коронавирус аныкталды. Алардын эң көбү Ош облусунда — 150, ал эми Ош шаарында коронавирусту жуктурган 93 адам аныкталган.