Жалал-Абадда үй карантин эрежесин бузган киши жоопко тартылат — андан коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургуну үй карантининде болгон. Анын коронавируска тапшырган алгачкы анализи терс жыйынтык көрсөткөн. Бирок ал экинчи анализдин жыйынтыгын күтпөстөн үй карантинин бузуп Кочкор-Ата шаарына күйөөсү менен араздашып кеткен эжесинен кабар алууга барган.

Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев билдиргендей, экинчи тесттин жыйынтыгы ал коронавируска чалдыкканын көрсөткөн. Бирок ал арада аталган жаран эжеси менен милицияга, андан соң аймактык ооруканага барууга үлгүргөн. Аталган окуядан кийин ал Майлуу-Сууга алынып келинип ооруканага жаткырылды.

Ал эми Кочкор-Ата мэриясынын аппарат жетекчиси Чыныгүл Турдуматова «Клоопко» аталган тургуну менен байланышта болгон бир тууган эжеси жана үч милиция кызматкери обсервацияга алынганын кабарлады.

«Ал тургун Кочкор-Атада Юбилейная көчөсүндө жашаган эжесин карап жүргөн экен. Учурда ал жерде жашаган тургундар толук изоляцияга алынып, залалсыздандыруу иштери улантылып жатат», — деди Турдуматова.

Ошондой эле ал шаарга карантиндик посттордо иш күчөтүлгөн тартипке өткөнүн, унаалардын кирип-чыгуусуна катуу чектөө коюлганын жана жөө кирген адамдарды да көзөмөлдөө үчүн элдик кошун түзүлгөнүн кошумчалады.

Жалал-Абад шаары жана Сузак райондору боюнча комендатуранын маалымат борборунун кызматкери Нурдин Жээнтаевдин айтымында, аталган жаран жоопко тартылат. Алгач медициналык жактан ал санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузганы тастыкталышы керек деп түшүндүрдү ал.

«Учурда бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатат, такталгандан кийин кошумча маалымат берилет», — деди Жээнтаев.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 612ге жетти. Анын 109у Жалал-Абад облусунда аныкталган. 22-апрелге карата вирустан жалпы 254 адам айыгып чыккандыгы маалымдалды. Учурда ооруканаларда 351 адам жатат — алардын он экиси оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 22-апрелде укук коргоо органдарынын 12 кызматкеринде коронавирус аныкталганын жана алардын ичинен бирөөсү жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын кабарлады. Анын айтымында, милиционерлер инфекциясы бар адамдар менен байланышта болгон.