Баткенде коронавирус жуктурган 6 бейтаптын бешөө айыкты

Баткен облусунда коронавирусту жуктуруп алган жалпы алты бейтаптын бешөөсү айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Өпкө илдетинен айыккандардын үчөөсү Баткен шаарында экөө Кызыл-Кыя шаарында дарыланышкан.

Баткенде алгачкы айыккан бейтапта коронавирус 21-мартта аныкталып, ал ооруканага жаткырылган. Ал эми 4-апрелде андан COVID-19га алынган анализдери терс жыйынтыкты көрсөткөн. Экинчи бейтап 20-апрелде, ал эми дагы үч бейтап — Баткен шаарынын бир тургуну жана Кызыл-Кыя шаарынын эки тургуну — кечээ, 22-апрелде, ооруканадан чыгарылышты. Алардын ичинде эки саламаттык сактоо кызматкери да бар.

Белгилей кетсек, илдеттен айыккан акыркы үч бейтап коронавирусту жуктуруп келгендер менен карым-катнашта болгонгондор.

Кыргызстанда 23-апрелге карата жалпы 631 адамда коронавирус аныкталды — алардын 302си оорудан айыкты. COVID-19ду жуктуруп алгандардын арасында дээрлик 25 пайызы — 162 бейтап — медицина кызматкери.