Баткенде коронавирус жуктурган аял айыгып ооруканадан чыгарылды

Республикалык штаб кабарлагандай, COVID-19 вирусуна чалдыккан аял илдетинен айыгып Баткен облусттук ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустан арылган аял 21-мартта ооруканага жаткырылган. Буга байланыштуу Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Ушуну менен коронавирустан 6 адам айыкты, алардын үчөө Жалал-Абад облусттук ооруканадан, экөө Ала-Бука аймактык ооруканада дарыланышкан. Ал эми 2-апрелде Ноокат аймактык ооруканасында вирус жуктурган 61 жаштагы бейтап каза тапкан. Анын өлүмүнүн так себеби белгисиз, аны аныктоо үчүн потологоанотомиялык изилдөө жүргүзүлүп жатат.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 144 адамга жетти.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция