Өлкөдө дагы 3 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда дагы 3 медикте коронавирус аныкталды — алардын экөөсү Бишкекте, бирөөсү Ошто катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 183кө жетти. COVID-19га чалдыккандардын арасында дарыгерлер, орто медперсонал, кичи медперсонал жана башка кызматкерлер бар.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алганы аныкталса ага 200 миң сом кун каралган. Эгерде COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилээри айтылды.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 695ке жетти. Алардын ичинен сегизи каза таап, 395 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.