Оштогу памирлик кыргыздар аралыктан билим алышууда

Алайга көчүп келген памирлик кыргыздар мектепте билим алып жаткан учурдан кадр. Сүрөт: Канат Шарипбеков

Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылындагы оогандык кыргыздар башталгыч класстын программасын аралыктан өздөштүрүп жатышат. Бул тууралуу «Клоопко» Карыбек Алимсейитов мектебинин директору Орозбай Исмаилов билдирди.

«Сыналгылар Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү жана райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан берилген. Ал эми телефондор буга чейин эле өздөрүндө бар экен», — дейт Исмаилов.

Памирлик кыргыздардын бири Ооганбек Заир уулу «Клоопко» анын үй-бүлөсүнөн беш адам Whatsapp тиркемеси аркылуу аралыктан окуп жатышканын айтты. Бирок ал мектепте билим алган дурус болчу дейт.

«Бизге Самархан эжеке Whatsappтан тапшырма берет, аларды аткарып кайра эжекеге жөнөтөбүз. Келинимди Жыпар эжеке түштөн кийинки убакта окутат. Унутуп калбоо үчүн жана кайталап турганга онлайн окуу да жакшы болуп жатат», — деди Ооганбек.

2019-жылдын 23-декабрында Алай районундагы Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Памирлик кыргыздар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн мектептин имаратына убактылуу жайгаштырылган.

Көп өтпөй аталган райондун Талды-Суу айыл аймагына памирликтер үчүн жети үй курула тургандыгы маалымдалган. Этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга 1,2 гектар жер жана 10 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрелинде башталмакчы болгон эле. Ал эми калган үч үй-бүлөгө 2020-жылдын бюджетинен үй курулаары кабарланган.

Ооганстандан памирлик кыргыздарды Кыргызстанга бийлик 2017-жылдан баштап алып келе баштаган. Алгач Нарын облусуна 33 этникалык кыргыз көчүрүлүп, аларга билим алуусуна шарт түзүлүп, саламаттыгы текшерилип, турак жай берилеери убада кылынган. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда наристелүү болгон бир үй-бүлөгө гана турак жай берилген.

Окуу жылы бүткөндөн кийин ондон ашуун этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы жашоо шартынын начардыгы менен жана көнүшүп кете алышпаганы менен түшүндүрүшкөн.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.