Адвокаттар кардарлары менен жолугушуудан мурда коронавируска тест тапшырышы керек — ЖАМК

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы камактагылардын же айыпталуучулардын адвокаттары жана башка мыйзамдуу өкүлдөрү аларга баруудан мурда коронавируска тест тапшырышы керек деген билдирүү таркатты.

«[...] адвокаттар жана башка мыйзамдуу өкүлдөр өзгөчө кырдаал аяктаганга чейин пенитенциардык кызматтын жайларына барууну кааласа, алдын-ала тийиштүү медициналык кароодон өтүүнү жана кардарларга барганда ПЧР анализинин натыйжаларын ала келүүнү суранат», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Ошондой эле, ведомство ТИЗОдогу жана колониялардагы адамдар «коронавирустук инфекцияга чалдыккан эмес» деп билдирди.

ЖАМК мындай билдирүүнү кардарларына киргизилбей жаткан адвокаттардын билдирүүсүнүн шартында чыгарды.

Мисалга, адвокат Замир Жоошев 27-апрелде жактап аткан адамына, тагыраагы, мурдагы-премьер-министр Сапар Исаковго киргизбей коюшканын билдирген.

«Тилекке каршы, Сапар Исаков менен жолугуша алган жокпуз. Көрсө ЖАМКтын төрагасынын COVID-19 пандемиясына байланыштуу камактагыларга адвокат жана жакын туугандарына жолугушууга тыюу салган 1-апрелде чыккан №207 буйругу бар экен», — деп жазган Жоошев.

Бирок ЖАМКтан билдиришкендей, Исаков 23-апрелде ТИЗО-1ден колонияга алынып келингенден кийин карантинге алынган, ошол себептен Жоошев ага киргизилген эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖАМК Сапар Исаковдун адвокаты эмне үчүн ага киргизилбей жатканын түшүндүрдү