Жалал-Абадда 30 тонна мунай уурдоого шектелип прокурордун агасы кармалды

Мунай табылган үйлөрдүн бири. Сүрөт: «Азаттык» басылмасы

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы турак жайлардын биринде мунайды уурдоого жана мыйзамсыз сактоого шектелип күйүүчү май ташып иштеп жүргөн айдоочу Кубанычбек Тургунбаев кармалды. Ага карата «Уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Тургунбаев Бишкектеги райондордун биринде прокурордун орун басары Нурбек Тургунбаевдин агасы. Ага чейин шектүүнүн иниси Жалал-Абад облустук прокуратурасында тергөөчү болуп иштечү.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтмында, Тургунбаевге каршы көрсөтмөнү тергөө учурунда Кочкор-Ата шаарынын тургуну берген. Ал 16-апрелде жети тонна мунайды уурдоого шектелип кармалган.

«Шектүү адам “Кыргызмунайгаз” ишканасынын айдоочусу Кубанычбек Тургунбаев “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаада каучук бочкаларга мунай куюп уурдап ташыгандыгын билдирген. Аны Тоскоол-Ата токой чарбасынын №6 жайытындагы «Кыргызмунайгаз» ишканасына караштуу №82 скважинасынан алып турушканын айткан», — деди Жээнтаев.

24-апрелде Тургунбаевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында анын короосунан болжол менен 30 тонна мунай табылган. Жээнтаевдин айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү адам жашаган турак жай иниси Нурбек Тургунбаевге катталганы белгилүү болду.

Шектүү айыптоолорду четке кагууда

Ал эми шектүү Кубанычбек Тургунбев «Азаттык» басылмасына муунайды уурдаган эместигин билдирген. Анын айтымында, муунайды жеткирүүдө түбүндө калдыктар уюп калат жана алар үчүн ишкана маянасынан кармап калат.

«Эгерде ал уюп калган мунайды тазалап чыгарбасак ал биздин мойнубузда кала берет. Ошол себептен аны кайсы жакка төгөрүмдү билбей, үйдө иштебей турган машинелерге сактап койгом. Мындан мурун Ферганага мунай жеткирип барганбыз. Ал жактан бир тонна мунай түшүрлбөй кайтып келгендиги үчүн акчабыздан кармап калышыптыр», — деп түшүндүргөн Тургунбаев.

Ошондой эле ал Ноокен районундагы үй инисине катталганы менен ал бир тууганы менен Бишкектеги үйүнө алмашканын айтат. Учурда шектүү райондук ооруканада дарыланып жатат, ал тергөөнүн жүрүшүндө өзүн начар сезгени кабарланды.

Прокурордун тергөөгө таасири

«Кыргызмунайгаз» ишканасынын басма сөз катчысы Руслан Абдумуталип уулунун айтымында, уурдалган мунай «Кыргызмунайгазга» тиешелүү экендиги лабораторияда тастыкталганын айтат. Себеби табылган муунай чийки болгон. Анын айтымында, өлкө боюнча чийки мунайды өндүрүп жана кармай алган бир гана «Кыргызмунайгаз» болуп эсептелет.

«Уурулук менен күрөшүү максатында камераларды орнотуп, көптөн бери өзүбүз да иш алпарып жатканбыз. Бул иш милиция менен биргеликте жүрүп жаткан. Уурулукка ишканадагы башка кызматкерлердин да тийиштиги бары-жогун аныктоо тапшырмасы жетекчилик тарабынан берилген», — дейт Абдумуталип уулу.

Ошондой эле Абдумуталип уулу прокурор Нурбек Тургунбаев тергөөгө кыйыр түрдө басым жасап коюшу мүмкүн деп эсептейт.

Бирок шектүү Кубанычбек Тургунбаев инисине карата айтылып жаткан дооматтардын баарын төгүндөдү. «Ал тергөө ишине кийлигише алмак эмес. Өзүм болсо тергөөгө катыша элекмин», — деди ал.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому 1952-жылы ачылган. Учурда Жалал-Абад облусунда ишкананын 35 майда мунай жана газ кендери бар. Анда 2 миңден ашык адам иштейт.