Бизнес акыйкатчы ишке кирише турган компаниялар үчүн өткөрмө баракты жоюуну өтүндү

1-майдан тарта иштеп баштай турган компаниялар ӨА режими иштеп жаткан шаарларда жүрүү үчүн милдеттүү өткөрмө барактарын алууга тийиш. Кыргызстандын бизнес акыйкатчысы Робин Орд-Смит бийликтин чечимине макул эмес.

Ал жумушчуларды жана ишкердик субъектилерин өткөрмө алуудан бошотууну суранып өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылды.

Укук коргоочу ишкерлер жумушун тезирээк калыбына келтирип алышы үчүн аларды колдоону суранды.

«Өткөрмө берүүнү жокко чыгаруу ишкерлердин жумушун жөнөкөйлөтүүгө, комендатуралардын өткөрмө берүү боюнча ишин оптималдаштырып, пайда болушу ыктымал коррупциялык схемаларды жоюуга жардам берет», — деп эсептейт Робин Орд-Смит.

Ал ӨА режими киргизилген айтмактарга кирүү жана чыгууда санитардык-карантиндик блокпостторунан өтүүнү кызматкерлер үчүн жеңилдетүүнү суранды.

«Аталган процесстеги ар бир жолтоо Кыргызстанда ишкердик чөйрөнү калыбына келтирүүгө терс таасир этип коюушу мүмкүн», — деп белгилейт бизнес акыйкатчы.

ТЕМА БОЮНЧА: 1-майга караган түнү Бишкектеги блокпосттордун баары алынат — ИИМ