Кыргызстанда дагы төрт медкызматкерден коронавирус аныкталды

Сүрөт: Социалдык өкмөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 30-апрелдеги брифингде өткөн сутка ичинде коронавирус дагы төрт медкызматкерде аныкталганын билдирди. Чүй облусунда эки, Бишкекте жана Ош облусунда бирден учур катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 195ке жетти — алардын 105и илдеттен айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоочу комиссия түзгөн. Эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алганы аныкталса ага 200 миң сом кун каралган. Эгерде COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилээри айтылды.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 746га жетти. Алардын ичинен сегизи каза таап, 462 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.