Чет өлкөдөн кайтып келген беш кыргызстандыкта COVID-19 аныкталды — СCМ

4-майда өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 17-апрелден тарта 1 117 кыргызстандык мекенине кайтып келгенин билдирди. Алардын бешөөсүндө коронавирус аныкталган.

«Алар Анкара, Новосибирск, Екатеринбург, Стамбул жана Дубайдан келген. Алардын баарынан ПЧР-анализдери алынган. Учурда кээ бирөөлөр экинчи ПЧР-анализ тапшырган, кээ бирөө күтүп жатат», — деп билдирди Акматова.

Чет өлкөдөн кайтып келгендердин арасынан экинчи анализин күтүп жаткандар үй карантинине алынган, ал эми ифекциясы аныкталгандар дарылоого ооруканага жаткырылган.

Екатеринбургдан келгендер тууралуу

2-майда коронавирус аныкталган Жалал-Абад облусунун тургуну каза тапканы белгилүү болгон. Ал жана дагы 157 кыргызстандык 28-апрелде Екатеринбургдан учуп келген болчу.

Акматованын айтымында, анализдер алынгандан кийин коронавирус бир эле аялда аныкталган.

«Бардык 157 жүргүнчүнүн ичинен бир эле аялдын анализи оң чыккан. 157 жүргүнчүнүн бардыгы тең алгачкы ПЧР анлизин тапшырышкан. Биз жуктурган адам менен 6 адам байланышта болгонун аныктадык. Мындан тышкары, саламаттык сактоонун алгоритмине ылайык, аталган каттамдын жүргүнчүлөрүнүн бардыгы экинчи ПЧР анализин тапшырып жатышат», — деп белгиледи Акматова.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу, көптөгөн өлкөлөр авиа каттамдарды токтотушкан. Мындан улам сегиз миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайта албай жатат.

Өкмөт кыргызстандыктарды атайын чартер каттамдары менен мекенине кайтарууда. Ошентип 3-майда Дубайдан 180 кыргызстандык алынып келинген. Жакында келе турчу каттам 10-майда БАЭден келээри күтүлүүдө.

4-майга карата маалыматка ылайык, өлкөдө COVID-19ду жуктуруунун 830 учуру катталган. Ошол эле кезде 10 адам каза тапкан, ал эми 575 адам айыккан деп эсептелет.