Бишкекте дагы төрт медкызматкерден коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан Кыргызстанда 6-майга карата дагы төрт медицина кызматкеринде COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Алардын бардыгы Бишкекте иштеп жатышкан.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 221ге жетти — алардын 154тү айыкты. Ошондой эле илдетти жуктуруп алган бир медкызматкер көз жумган — 58 жаштагы Жүзүмкан Кокумбаева Бишкектеги №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болгон. Аталган мекемеде 9 медкызматкер коронавируска чалдыккан.

Өкмөт коронавирусту жуктуруп алган медиктерге 100 миң сомдон кем эмес, ал эми илдеттен каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрүнө 500 миң сомдон кем эмес компенсация төлөмөкчү. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Ал эми буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирусту иш убагында жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми каза тапкан медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндөгү кун төлөмдөрү каралып жатканын кабарлаган.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы төлөнүп берилээри айтылган. Ал эми министрликтин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов 2-майда коронавирустун очогунда эмгектенген медкызматкерлерге төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түзгөнүн билдирди. Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 871ге жетти. Алардын ичинен он экиси каза таап, 614 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.