Коронавирусту жуктуруп алган медиктер 100 миңден кем эмес компенсация алат

Кыргызстандын өкмөтү коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге кун төлөп берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ошол эле токтомдо коронавируска чалдыгып көз жумган медкызматкерлердин үй-бүлөсүнө компенсация каралган.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Азамат Жумакеевдин айтымында, илдетти жуктуруп алган медик 100 миңден кем эмес компенсация алат, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө кундун өлчөмү беш эсе көп — 500 миң сом.

«Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 500 миңден кем эмес компенсация төлөнөт. Кызматкердин толук же жарым-жартылай багуусунда турган жогоруда аталган кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, алар үчүн жашоо каражаттарынын туруктуу булагы болуп саналган адамдардын акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык маянасынын өлчөмүндө кошумча компенсация алышат», — деп кошумчалады Жумакеев.

Ал эми COVID-19ду жуктуруп алган медкыматкерлердин майыптыгы болсо, токтомго ылайык аларга башка өлчөмдөгү компенсация каралган:

  • I топтогу майыптарга – ээлеген кызмат орду боюнча 10 жылдык маянасынын өлчөмүндө;
  • II топтогу майыптарга — ээлеген кызмат орду боюнча 8 жылдык маянасынын өлчөмүндө;
  • III топтогу майыптарга —ээлеген кызмат орду боюнча 5 жылдык маянасынын өлчөмүндө.

Өзгөчө абал учурунда медкызматкерлер жаракат алып же контузияга учураса, аларга ээлеген кызмат орду боюнча маянасынын 10дон 20-эселенген өлчөмүнө чейин бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет.

Бирок кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтеп чыгат.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 217ге жетти — алардын 150сү айыгып, ооруканадан чыгарылды. COVID-19га чалдыккандардын арасында дарыгерлер, орто медперсонал, кичи медперсонал жана башка кызматкерлер бар.

2-майда коронавируска чалдыккан №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 58 жаштагы жетекчиси Жүзүмкан Кокумбаева каза болду. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, маркум өпкө илдетин өзү иштеген оорукананын медкызматкеринин биринен жуктурган.

Мурдараак 29-апрелде №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда 9 медкызматкер ооруну жуктуруп алганы белгилүү болгон. Алар коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон эмес, медиктердин айтымында алардын атайын коргонуучу каражаттары жетишсиз болгон. Саламаттык сактоо министрлиги учурда мунун чоо-жайын териштирүүдө.

Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирусту иш убагында жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми каза тапкан медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндөгү кун төлөмдөрү каралып жатканын кабарлаган.

Коронавирустун пандемиясы башталганда медиктер коргонуучу каражаттардын жетишсиздигине даттанышкан, бирок бул көйгөйлөрдү ачыкка чыгарган үчүн аларга басым жасалган. Ошол эле учурда республикалык штабдан медиктер үчүн коргонуучу каражаттар жетиштүү деп ишендиришкен.