Оштогу дарыгер кантип кесиптештерин коронавирустан айыктырганын айтып берди

Клара Жунусова, Ош шаардык балдар инфекциялык ооруканасынын дарыгери. Скрин Саламаттык сактоо министрлигинин видеосунан алынган.

Бир ай мурун Ош шаардык балдар инфекциялык ооруканасынын кызматкерлери коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу оорукананын имараты дезинфекцияга жабылып, бир нече убакыттан кийин гана ачылган.

Аталган оорукананын медиктерин дарылаган врачтардын бири Клара Жунусова кесиптештери кантип ооруга чалдыкканын жана аларды кантип айыктырганын айтып берди. Маектин видеосун Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Коронавирус медиктерге бейтаптан жуккан

Жунусованын айтымында, 5-апрель күнү Ош шаардык балдар инфекциялык ооруканасына COVID-19ду жуктуруп алган эки аял түшкөн — бирөөсү 38 жумалык кош бойлуу болгон, экинчиси он бир айлык ымыркайы менен. Кош бойлуу аялда оорунун белгилери байкалбай өткөн, ал эми эне-балада жөтөлү бар болчу дейт ал.

«Эртеси күнү эле ошол баласы бар аялдын абысыны келди (ооруканага түштү — редакция). Анын артынан ооруканага өзүмдүн кесиптештерим түштү — балдар жугуштуу оорулар бөлүмүнүн бир дарыгери, бир медайымы жана бир кичи медайымы. Бул ооруну көп окуганбыз, бирок туш болгон эмеспиз. Бул бизге жаңылык болгондуктан [медиктер] аябай толкунданып келишкен. Аларды көрүп мен да аябай толкундандым. Бирок мен өзүмдү кармап, аларды дарылап баштадым», — деди Клара Жунусова.

Коронавирусту жуктуруп алган дарыгердин абалы биринчи күндөн тартып эле оор болгон. Ал эми эки медайымда өпкө илдетинин симптомдору жок болгону менен, башка өнөкөт оорулары козголуп баштаган. Жунусова өнөкөт оорулар стресстен улам күчөгөн деп эсептейт. Медайымдын мээ басымы көтөрүлгөн, экинчи кичи медайымдын артрити болгон — ал ооруканага түшкөндө эле буту ооруп баштаган.

Эртеси күнү COVID-19 жуктуруп алган дагы 13 медкызматкер ооруканага жаткырылган — алардын ичинен бешөөсү Жунусова иштеген бөлүмдүн кызматкерлери болгон.

«Баарынын көздөрү шишип, баары ыйлап “биз кандайча коронавирус менен ооруп калдык?” деп келишкен [...] Мени кучактап ыйлаганда, мен аларды колдоого аракет кылдым. “Силер эмнеге ыйласыңар? Силер тозокко келдиңерби? Силерди ушуну менен өлөт деп бирөө айттыбы?” деп колдоого аракет кылдым, бирок ошол маалда аябай таасирлендимби, ошол күнү мен да кечке ыйлаганмын», — дейт Жунусова.

Коргонуучу костюмдарда иштөө оңой эмес

Жунусованын айтымында, атайын коргонуучу костюмдар илдеттен сактаганы менен аларды кийип иштөө оор. Коргонуучу костюмду кийүүгө жарым сааттай убакыт керек, ал эми бейтаптарды дарылаган медиктер аларды кеминде алты саат бою чечпей иштешет.

«Маскаларды кийгенден кийин көзү көрбөгөн мышыкка окшойсуң да, себеби маска, көз айнектерди кол менен кармаса болбойт. Көз айнектин ичине буу киргенде, бууланып, дээрлик көрүнбөй калат да. Кудай жардам береби, билбеймин, бирок же оң жактан, же сол жактан бууланбай калган жер калат. Ошол жактан карайбыз да», — деп айтып берди дарыгер.

Учурда медиктерге эң көп «коронавирус чындыгында барбы?» деген суроо берилип жатат. Жунусова оору бар экенин тастыктайт.

«Бирок ар бир оорудай эле мунун түрү бар: жеңил, оор жана орто оор. Оор түрү аз, чын эле аз кездешет. Бирок оор [абал] болгондо чындыгында оор болот. Бейтаптарды көрүп бооруң ооруйт. Фонендоскоп менен эмес, жанында турсаң эле өпкөдөн “кычыр-кычыр” деген үн угулат», — деди Жунусова.

Жунусова дарылаган медиктердин арасында анын насаатчылары да болгонун айтат. Дарылоо процессинде алар да кеңеш берүүгө аракет кылышкан, бирок, чечимдерди ал өзү кабыл алган.

«Мен аларга дары-дармек жазсам, “мындан көрө башкача жасасак болбойт беле?” деп, алар да мага кеңеш берип жатышты. “Макул” дейсиң, алар өзүнүн абалын жакшы билет деп ойлойсуң. Бирок айланып келип, алардын дарыгери менмин да — алар өздөрү эмес да. Дарыгер болгондон кийин мен аларды менин насаатчыларым катары эмес, оорулуулар катары кабыл алышым керек. Көп чечимди өзүм кабыл алышыма туура келди. Мага ошол аябай оор болду», — дейт Жунусова.

Клара Жунусованын ооруну жуктуруп алган жалпы 16 кесиптешинин ичинен үчөө оор абалда болгон. Алардын бирөөсүн Ош облустук ооруканасына которууга аргасыз болушкан.

Ошол эле учурда дарыгер орто оор абалда болгон бейтаптар оор абалга түшүп калышы мүмкүн дейт. Ошондой эле ал оорунун симптомдору жок болгон учурда дагы бейтапты ооруканага жаткырып дарылоо керектигин айтат.

«65 жаштагы медикте коронавирустун бир дагы белгилери жок болчу да. Белгилери жок болсо кантип анализдеринен [коронавирус] аныкталып калды экен деп таң калганмын. Рентгенге тартсак пневмония чыгып жатпайбы. [...] Дагы бир бейтапта ооруканага келгенде оорунун белгилери жок болду, аллергиясы болгондуктан ошону дарылап жүргөнбүз. Кийин үчүнчү-төртүнчү күнү эле бир аз жөтөл пайда болуп калды — рентген кылсак пневмония чыгып калды», — деп айтты Жунусова.

Учурда баардык 16 медкызматкер дарыланып, илдеттен айыкты. Ал эми буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аталган оорукананын медкызматкерлери коронавирусту бейтаптардан эмес, «ажы тойго» барган кесиптешинен жуктуруп алган деп божомолдогон. Көп өтпөй медиктер кайрылуу жасап, анын айткандарын четке кагышкан. Кийинчерээк Боронов айткан сөздөрү үчүн кечирим сураган.