Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жарадар болгон аскерлердин бири реанимацияда

Баткен облусунун Көк-Таш айылы. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу 

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган үч аскердин бирөөсүнө дагы бир операция жасалат. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Айгерчинова абалы «өтө оор» деп бааланган чек арачынын саламаттыгы «туруктуу оор» болуп жатканын белгиледи. Ал анастезилогия жана жандандыруу бөлүмүндө калууда. Ал эми дагы эки чек ара кызматкеринин абалы «канаттандыраарлык» деп бааланып, алар хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

«Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин катышуусунда консилиум өткөрүлдү. Абалы «өтө оор» деп бааланып жаткан аскерге операция жасалуусу керек деп чечилди, бирок операция жасала турган күнү азырынча белгилене элек», — деди Айгерчинова.

Айгерчинованын айтымында, социалдык тармактарда кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда бир аскер каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Баткен облустук бириккен ооруканасына төрт адам келип түшкөн. Алардын бири жөнөкөй жаран болгон. Ага алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө коё берилген. Үч аскерге Баткенде операция жасалып, андан кийин 10-майда Бишкек шаарындагы улуттук госпиталга атайын борт менен алынып келинген.

Ал эми калган үч аскердин бирине кыр арканын көкүрөк тушуна жана курсак жана жамбаш сөөгүнө ок тийген. Дагы экөөнүн көкүрөк тушуна ок тийип жаракат алышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасында эки мамлекеттин тургундарынын ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Жаңжал Баткен облусундагы Чек аймагында орун алган. Чыр чек арага чектеш жайгашкан 5000 чарчы метр такталбаган жер тилкеси талашка түшкөндүктөн чыккандыгы кабарланууда.

Кыргызстандын чек ара кызматынан талашка түшкөн жерди иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып жүргөнүн билдиришти. Чыр чыккан күнү өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участкасында сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушууда эки мамлекеттин жергиликтүү күч түзүмдөрдүн жетекчилери да катышкан. Мындан тышкары эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.