Беткап тагынбагандарды милиция кармап айып салган факты жок — ИИМ

Иллюстративдик сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Ош облусунда беткапсыз жүргөндөргө айыппул салынбайт деген маалыматка таянып Бишкектеги абал кандай болоруна кызыкты.

«Бишкекте беткап тагынбаган жарандарды милиция качан баса калып айыппул салат?» — деп суроо салды эл өкүлү.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев учурда милиция эч кимге айып салбаганын жана түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүп жатканын билдирди.

«Учурда беткап тагынбагандарды милиция кармап айып салган факты жок. Эгерде Саламаттык сактоо министрлиги, же республикалык штаб “беткап тагынсын” деген буйрук чыгара турган болсо анда айып салуу мыйзамдуу болот. Анда биз аны аткарышыбыз керек», — деди Жунушалиев.

Анткен менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов карантин киргизилген аймактарда чечимди жергиликтүү бийлик өзү кабыл алууга укуктуу деди.

«Ош облусунун губернаторунун айтканы туура. Ал жакка карантин киргизилген эмес. Мыйзам боюнча карантиндин өзүнүн жол-жобосу бар. Карантин киргизген аймактагы жетекчинин өзүнүн укуктары бар. Ошондуктан мэр өзүнүн чечими менен, же шаардык кеңештин чечими менен маселени чечкенге мүмкүнчүлүгү бар», — деп түшүндүрдү Боронов.

Кыргызстанда 11-майдан тарта өзгөчө абал режими алынып, өзгөчө кырдаал режими сакталып калды. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларына, Нарын облусунун Ат-Башы районуна жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин режими киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Көчөдө беткапсыз жүрүү үчүн сизге айып салса болобу же болбойбу? Президенттин мисалында түшүндүрөбүз

Ош облусунда карантин режими жоктугунан беткапсыз жүргөндөргө айыппул салынбайт