Дастан Бекешев өкмөттү мигранттарга жетишээрлик жардам бербей жатат деп сынга алды

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин алдында отчёт берип жатып өткөн жылы кыргыз мигранттары өлкөгө 2,4 млрд доллар жөнөтүшкөнүн билдирди.

Депутат Дастан Бекешев өкмөт башчысынан коронавирустун пандемиясы учурунда кыргыз мигранттарына жардам берүү үчүн канча акча которулганын сурады. Абылгазиев 20 млн сом өлчөмүндө каражат тууралуу айтып, анын ичинен 10 млн сому хостел акыларын төлөгөнгө жумшалганын билдирди.

Бекешев 20 млн сом — мигранттардын өлкө бюджетине жардам бергенин эске алганда өтө эле аз акча экенин айтты.

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, 2019-жылы өлкөнүн ИДПсы 8,4 млрд АШК долларын түзгөн. Мигранттардын ИДПга карата акча которууларынын үлүшү 28,5% түзгөн.

Өлкөнүн бюджети мигранттардын акча которууларына өтө көз каранды. Бул акчалардын эсебинен, айрыкча, республиканын түштүк аймактарында кедейчилик азаюуда.

Мигранттардын өлкөгө кошкон салымы боюнча окуңуз: Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт

Орусиядагы мигранттар

Эмгек мигранттары марттан бери Кыргызстанга кайта албай жатышат. ТИМ өлкөгө маал-маалы менен жүз же эки жүздөп мекендештерди алып келип жатканы менен тамак-ашы, жумушу жок жана жардамсыз калган көптөгөн мигрант мекенине кетүүнү эңсеп кезегин күтүүдө.

Жүздөн ашуун кыргызстандык Оренбург облусундагы Бузулук шаарынын жанында жашап жатат — 500дөн ашуун кыргызстандыкты Соль-Илецк шаарынан алып кетишкенден кийин Орусиянын бүт региондорундагы мигранттар аталган шаарга барышкан. Бирок Казакстан менен чек ара жабык болгондуктан, Кыргызстан калган мигранттарды алып кете албай жатат. Ошол себептен жергиликтүү бийлик мигранттарды палатка жана биоажатканалар менен камсыздап берген.

Жашоого каражаты жок калган кыргызстандыктарга жана Кыргызстандын атуулдарына кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жардам берип жатышат. Ал эми мигранттар менен иштешкен укук коргоочулар бул адамдарга карата кодулоо күчөп жатканына арызданышууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Пандемия убагында кыргыз мигранттары жардам сурап кайда кайрыла алаарын түшүндүрөбүз