Ошто милиционерге «кол көтөргөн» судья кызматынан бошотулду

Ош облустук соту. Сүрөт: Khasyl Nasyrov

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-майда бир нече судьяларды ээлеген кызматтарынан бошотту. Алардын арасында Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиев да бар. Касымалиев «кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулганы» кабарланган.

7-апрелге караган түнү «М.К.» инициалдар менен белгилүү Ош облустук сотунун судьясы коменданттык сааттын тартибин бузуп, милиция кызматкерине кол көтөргөнү маалымдалган. Аталган сотто «М.К.» инициалдарына судья Мыктыбек Касымалиев туура келет — ал Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын бир тууганы.

Ош шаары жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов судья мыйзам чегинде жооп берерин айткан. Окуя «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренеси менен катталган. Бирок Ош ШИИБиден тергөө убагында жабыркаган милиционер тосмо арыз жазганын билдиришкен.

Жээнбеков Ош облустук сотунун судьясынан сырткары Нарын райондук сотунун судьясы Эркинбек Мамбеталиевди жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Нурия Бекбаеваны кызматтарынан бошотту.