Тажикстанга кете албай калган этникалык кыргыздар үйлөрүнө кайтышат

Жерге-Тал району. Сүрөт: Жаңыл Жусупжан / «Азаттык»

Кыргызстанга келип коронавируска байланыштуу Тажикстанга кайта албай жаткан этникалык кыргыздар Жерге-Тал районуна кайтууга даярдык көрүп жатышат. Бул тууралуу «Клоопко» аталган аймактан көчүп келген Аким Кожоев билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын элчилигинен кете албай жаткан жергеталдык кыргыздардын тизмесин тактоо тууралуу тапшырма берилген.

«Учурда тизме боюнча 150дөй киши болуп калды. Дагы чалуулар болуп жатат. Тажикстандын элчилиги транспортту уюштуруп берет экен, ал эми жол кирени жарандар өздөрү төлөшөт», — деди Кожоев.

Ошондой эле Кожоев коңшу өлкөгө кайтуунун датасы тизме такталып бүткөндөн кийин белгилүү болоорун кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстанга келген 200дөй этникалык кыргыз карантинге байланыштуу Тажикстанга кайра кете албай жатышканы тууралу маалымдалган. Өлкөгө этникалык кыргыздар туугандарынан кабар алууга, ооруканага көрүнүүгө жана иш караштырууга келишкен. Аларды үйлөрүнө кайтаруу үчүн Этникалык кыргыздар ассоциациясы элчиликке кайрылуу жолдогон.

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 801ге жетти, анын ичинен 23 адам каза тапты. Илдеттен айыккандар бары-жогу тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Аталган өлкөдө коронавирустун бар экендигин бийлик өкүлдөрү 30-апрелде гана маалымдашкан.

3-майда Тажикстандын Жерге-Тал районунда COVID-19дан бир киши каза таап жана жети адам ооруканага түшкөнү кабарланган. Буга байланыштуу аталган район карантинге алынган. Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондору этникалык кыргыздар байырлаган жер. Бул райондордо жашаган калктын көпчүлүгүн кыргыздар түзөт.

Коронавирус Кыргызстанда алгачкы жолу 18-мартта Жала-Абад облусунун Сузак районунда кичи ажылыктан келген үч жарандан табылган. Алар 70, 62 жана 46 жаштагы эркек кишилер болгон. Өлкөдө коронавирус катталганы айтылганына бир күн калганда Кыргызстан чек араларды жаап, чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө убактылуу тыюу салган. Ал эми Тажикстан Кыргызстан менен чек араны 25-марттан тарта жапты.

14-майга карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 38 учуру катталды — жалпысынан 1082 учур. Алардын 735и айыгып, он эки бейтап көз жумду