Чет өлкөлөрдөн дагы 356 кыргызстандык мекенине кайтты

Сүрөт: Тышкы иштер министрлиги

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 14-майда чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 356 жаран келди. Алар Орусия, Япония, Корея, Кувейт, Катар жана Германиядан учак менен алынып келинди.

Кыргызстандыктардын эң көбү Орусиядан кайтарылды: Москвадан келген 147 жаран обсервацияга алынды. Дагы 107 кыргызстандык «Эль-Кувейт — Доха — Бишкек» каттамы менен келди, алар менен биргеликте 31 Казакстандын жараны да учуп келген. Казак тарап өзүнүн жарандарыны аэропортто тосуп алып, Казакстанга алып кетти.

Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 кыргызстандык кайтып келди — алардын 48и «Sea Chefs» круиздик лайнеринде иштеген. Калган 43 кыргызстандык Корея жана Япониядан кайтарылды.

«Азыркы учурда келгендердин бардыгы белгиленген тартипте өлкөнүн медициналык мекемелеринин бирине обсервацияга жайгаштырылды. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын мүмкүн болушунча Кыргызстанга кайтарып алуу маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда», — деп билдиришти Республикалык штабтан.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков буга чейин чет өлкөлөрдө жүргөн 1000 кыргызстандыкты май айында мекенине алып келүү пландалып жатканын билдирген. Ошондой эле дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн чет өлкөдөгү мекемелерге мекенине кайтууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен 8 миң 712 кыргыз жараны кайрылган.

Министрликтин маалыматына ылайык, ӨК жана ӨА режимдери киргизилгенден тарта дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиция жана жер аркылуу 9196 кыргызстандык өлкөгө кайткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бир маал тамактанабыз». Орусиядан мекенине кайта албай жаткан кыргыз мигранттары

Пандемия убагында кыргыз мигранттары жардам сурап кайда кайрыла алаарын түшүндүрөбүз