Ошто кызмат учурунда каза тапкан милиция кызматкерлери эскерилди

Ош шаарында 15-майда кызматтык милдетин аткарып жатып каза тапкан ички иштер органдарынын кызматкерлери эскерилди. Иш-чара облустук милициянын короосунда курман болгондордун элесине орнотулган эстеликтин жанында өттү.

Каза болгон кызматкерлердин айкелине гүл чамбарлар коюлуп, куран окутулду. Ага Ош ОИИБинин башчысы Нурдин Маликов, облустагы ардагерлер Кеӊешинин төрагасы Токтосун Боркошов жана милициянын бөлүм башчылары катышты.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, 1991-жылдан 2020-жылга чейин облуста милдеттерин аткаруу учурунда 35 милиция кызматкери каза болгон.

«Иш-чаранын негизги максаты Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоодо, коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, жарандардын укуктарын коргоо учурунда баатырларча курман болушкан Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ысымдарын түбөлүккө калтыруу болуп саналат», — деди Аширбаев.

Ушул эле күнү Ош ШИИБинин 2000-жылдан 2020-жылдар аралыгында иш учурунда каза тапкан 13 кызматкери да эскерилди. Коронавирус пандемиясын эске алуу менен маркумдардын жакындарына азык-түлүктөн жардам берилди.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 2015-жылдагы буйругу менен жыл сайын 15-майда кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон ИИМдин кызматкерлери эскерилип келет.