Санкт-Петербургдан келген дагы үч курсантта COVID-19 аныкталды

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, Санкт-Петербургдан Бишкекке кайтып келген аскер лицейинин дагы үч курсантында коронавирус аныкталды. Учурда алар стационарда дарыланып жатышат.

Ушуну менен Санкт-Петербургдун аскер лицейинин курсанттарынын арасында экинчи жолу COVID-19 аныкталып жатат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-майда өткөн брифингде инфекция жугузуп алган 10 курсант тууралуу кабарлаган.

Санк-Петербургдагы кыргызстандыктар чартердик рейс менен Бишкекке 15-майда учуп келишкен. Учактага 156 адамдын баары карантиндик аймакка жайгаштырылган. Алар ПЧР-тесттин жыйынтыктары келмейинче, карантиндик аймакта үч күн бою болууга тийиш.

Эгер тесттин жыйынтыгы терс болуп чыкса, кыргызстандыктар үй карантинине жөнөтүлөт жана алар ал жакта да кайта анализ тапшыруу убактысын күтүшөт.

Иш жүзүндө көбүнчө дал гана экинчи анализ оң жыйынтыкты көрсөтөт.

Акыркы сутка ичинде, Кыргызстанда дарыгерлер 78 адамда коронавирус аныкташкан. Алардын 51и — сырттан алынып келинген учурлар.

«Мекенине кайтып келген жарандар обсервациянын эрежелерине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышат. Мындан улам, оорулардын саны көбөйүүдө», — деп билдирди саламаттык сактоонун министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Инфекция жуктуруунун жаңы учурлары көбүнчө Кыргызстанга кайтып келгендерде жана алар менен байланышта болгондордун арасында аныкталууда.

18-майга карата, республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 1216 учуру катталган.