Санкт-Петербургдан дагы 156 мекендеш Кыргызстанга кайтып келди

Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штабтын маалыматына ылайык, 15-май күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан 156 мекендешибиз Кыргызстанга кайтып келди. Алар «Тез Джет» авиакомпаниясы уюштуруп берген чартердик каттам аркылуу келишкен.

Ошол эле күнү Түркиянын Стамбул шаарынан 330 кыргызстандык кайтып келген. Алардын баары обсервацияга алынган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча обсервацияга 2 146 адам алынды.

Эреже боюнча, чет өлкөлөрдөн кайтып келген жарандардан дароо коронавируска карата анализ алынат. Алардын баары үч күн бою карантиндик зонага жайгаштырылышат. Эгерде мекендештердин коронавируска тапшырган анализдер терс жыйынтык көрсөтүп, карым-катнашта болгондордун арасына кирбесе, алар үй карантинге чыгарылышат.

Ал эми чет өлкөдөн келген жаранда коронавирус аныктала турган болсо, анда ал адам медиктердин көзөмөлүнө алынып, ооруканага жаткырылат.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 12-майдагы брифингде май айында чет өлкөдө жүргөн 1000 кыргызстандыкты мекенине алып келүү пландалып жатканын билдирген. Ошондой эле дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8 миң 712 кыргыз жараны Кыргызстандын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнө мекенге алып кетүүнү өтүнүп кайрылышкан.