Нарында дагы 8 милиционерде COVID-19 аныкталды

Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министрлигинен 19-майда Нарын облусунда коронавирустун жаңы 11 учуру катталганын маалымдашты. Алардын ичинен 8 адам укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

«Биз ИИМ кызматкерлерин комплекстүү изилдөөдөн өткөрүп жатабыз. Анын натыйжасында Нарында сегиз милиционерден чыкты. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат», — деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов 11-майда 14 милиционерде коронавирус аныкталганын маалымдаган. Мындан улам Нарын ОИИиБнин өздүк курамынын кызматкерлеринен анализ алынып, алар изоляцияга алынган.

Нарын облусунда жалпысынан 194 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын арасында 30дан ашуун медкызматкер жана 20га чукул укук коргоо органдары бар.

Кыргызстанда коронавирустун жалпы 1243 учуру катталды — алардын 898и илдеттен айыгып, 14 адам каза болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нарында коронавирустун тутанышы карантин сакталбай жатканынан кабар берет — Боронов