Кыргызстанда коронавирустан дагы 23 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 24-майда өткөн сутка ичинде коронавирустан дагы 23 бейтап айыкканын кабарлады. Бишкек шаарында жети, Жалал-Абад облусунда бир, Чүй облусунда үч, Ош облусунда үч, Нарын облусунда жети, Ысык-Көл облусунда эки жана Баткен облусунда үч бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандын жалпы саны 1403 адамды түздү. Алардын ичинен он төртү каза болду, 980 бейтап айыкты — бул оорулуулардын дээрлик 70 пайызын түзөт.

Учурда ооруканаларда 409 адам дарыланып жатат — алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө.